«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

Чынгыз Айтматов 7 ата жөнүндө

Ар бир адамдын өз мекени бар. “Мекен” деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес.

Чынгыз Айтматов. (1928-2008)

 

Менин мекеним.

Ар бир адамдын өз мекени бар. “Мекен” деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, бүт эле гүлбакча эмес. Мен азыркы дүйнө жөнүндө кененирээк сөз кылаардан мурда өзүмдүн өмүр башатыма ой жүгүртөм. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айлым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, аталган туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигинде бекен ишенемин.

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: “Кана, жети атаңды айт!” деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген. Бул жөнүндө мен “Ак кеме” повестимде бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн аңгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таң калат: 

- Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле акең? – деди бала.

- Ит билеби. Ага не таңсык болдың? Жети атамы билбейм, бирак, көрүп турасың гой, көп катары жашап жүрмин.

- Атам айтат, адамдар ата-тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

- Не үшүн?

- Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт...

Бул жөнөкөй элдик философияны мен бала кезде уккан шекерлик абышкалардан насаат сөздөрүнөн алганмын. Мен – шекерликмин, ошол үчүн бул жакшы кааданы алигече урматтаймын. Менин атам – Төрөкул, Төрөкулдун атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбелди, Кимбелдинин атасы – Кончужок... ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң аталарымдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул – булар да менин бабаларымдын катарына кирет. 

Мындай карасаң – бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереңимде ызааттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет... 

Чоң атам Айтматты мен көрбөй калдым. Ал жыйырманчы жылы дүйнөдөн өтүптүр. Мен болсо жыйырма сегизинчи жылы төрөлүптүрмүн. Айылдын чет-жакасында, Күркүрөө дарыясынын бир бурумундагы жантаймада жерге кыйла бата түшкөн эски тегирмендин ташы жатат. Мына ушул жерде чоң атамдын тегирмени болгон экен. Жакырчылыктан кутулуу үчүн аны бир тууганы Биримкул экөө көп кыйынчылыктар менен тургузушуптур. Тилекке каршы, анысы биринчи эле жылдын жайында өрттөнүп кетет. Бирок “жаман болбой – жакшы жок” деген кеп бар эмеспи. Бул кырсык чоң атамы такыр алдан тайдырат, ошондо ал темир жол курулушунда иштөөгө жөнөйт. Өзү менен кошо менин атам Төрөкул – ал кездеги жаш өспүрүмдү ээрчите кетет. Мына ушул окуя менин атамдын андан аркы тагдырына себепкер болот. Ушундан барып ал шаарга, окууга кирет. Азыр мен тоону кесип өткөн жол менен Маймак станциясына баратып, аталарыбыз өздөрү билбей туруп, ушул аскаларды уратып жол куруу менен бизди – кийинки муундарды – чоң дүйнөгө, Октябрь революциясынын зор жалынынан жаркыраган дүйнөгө алып чыкчу улуу жолду курушканын толкундануу менен ойлойм. Эскини өзгөртүү жана жаңыны куруу эң алгач ирет биздин ата-энелерибиздин алдында турган милдет эле. Ошол муун ач, жылаңач, буурсун кармап, жаңы турмушту курабыз деген жалтанбас кайрат менен биздин советтик замандын башатында турган. Биз мына ошолордон башталганбыз.

Мен атам Төрөкулду көп эстейм. Төрөкул Айтматов – Кыргызстан Компартиясынын областтык комитетинин секретары - өзүнүн бүткүл жаш өмүрүн революциянын иши үчүн жумшады. Ал менин эсимде жаш, күч-кубаттуу, кайраттуу, өз ишине берилген адам бойдон калды. Азыр мен атамдан бир топ улуумун, жашы боюнча ал азыр уулум менен барабар.

Апам Нагима Хамзеевна өз кезегинде обком комсомолдо иштеп жүрүп, атам менен ошол кызматына байланыштуу таанышкан экен. Ал экөөнү мен дайыма бирге иштеп, бирге жүрүшкөн жаш түгөйлөр абалында эсте туткум келет. Атамын эжеси Карагыздын сокмо дубалдан тургузулган үйү ушу кезге чейин сакталып турат. Бул үйдү кыйла мезгилдерден бери эч ким жашабайт. Бирок бир кезде биз, апам жана анын төрт уулу, ушул үйдө тирилик кечирчибиз. Башыбызга кыйын күндөр түшкөндө апам ошол жепирейген үйдөн: “Карагылачы, биздин тоолор кандай керемет! Ушулардын баары биздин тоолор эмеспи!” деп, Манас-ата тарапты жаңсап көрсөтөөр эле. Советтик адамдын бүгүнкү турмуш деңгээлине кандай зор күрөштөрдүн жана чымыркануулардын натыйжасында жетишкенибизди өз балдарыма толук жана терең түшүндүрө албаганыма кээде зээним кейип, капаланып да кетем. Бирок кантсе да, жаштар азыркы даяр турмушка көнүп өздөрүнөн мурдагылар жетишкенди пайдалануу менен эле чектелип калышпас деп ойлойм. Анткени адам турмушту дагы да жакшыртуу, асылдандыруу ишине өз үлүшүн кошуу ниети менен, өзүнө чейинкилер тарабынан жетишилген турмуш жыргалчылыгын өзүнүн билимин, рухий аң-сезимин, маданиятын дагы да жогорулатуу максатында пайдаланганда гана ал аны бактылуу кылат.

А бул болсо дайыма адамдын өзүнө, бүгүнкү күндүн жана келечектин алдында ал өзүнө кандай талаптарды коёт – мына ошого байланыштуу.

“Менин мекеним” статьясынан үзүндү (“Пионерская правда”, 19-декабрь, 1978).


 

У каждого человека есть своя родина. «Мекеним» по-киргизски – «моя родина», земля, на которой вырос. Разумеется, не вся она цветущий сад. Но именно такой, в этой ее умиротворенной пластике и светотени, вспоминаю я и представляю себе таласскую землю, когда очень скучаю по ней, когда пытаюсь осмыслить свое начало, прежде чем судить о мире в более широком измерении. И если бы я находился в космическом путешествии во Вселенной, о Земле я думал и грезил бы образами моего аила Шекера. Здесь мои истоки, здесь жили отцы и деды. Здесь познавалась жизнь, здесь складывалась судьба. Я уверен, в возникновении человеческой личности участвует и то, что принято называть отчим краем – с его природой, укладом жизни, песнями и преданиями…  

Старики нашего аила спрашивали строго, и каждый мальчишка знал свою родословную до седьмого колена. На том зиждется память народа, на том крепилось сцепление поколений. Я попытался сказать об этом в «Белом пароходе», в разговоре мальчика с шофером военной машины. Мальчик был удивлен, что есть люди, которые могут жить, не помня предков. - Разве тебя не учили запоминать имена семерых предков? – спросил мальчик. - Не учили. А зачем это? Я вот не знаю, и ничего. Служу. Живу нормально. Мальчик призадумался и потом сказал: - Дед говорит, если люди не будут помнить отцов, то тогда никто не станет стыдится плохих дел, потому что дети и дети детей об этом не будут помнить. И никто не станет делать хорошие дела. Потому что всё равно дети об этом не будут знать…  

Это простонародная философия взята мной из детства, из наставлений шекерских стариков. Я шекерец и по сей день чту эту добрую нашу традицию. Мой отец Торекул, его отец Айтмат, а его Кончужок – и так можно продолжать до самого Шекера, родоначальника нашего. Братья отца и дедов – Рыскулбек, Керимбек, Озубек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул – они тоже входят для меня в число предков. Казалось бы, простой перечень имен. Но для меня он много значит. Я горжусь ими, я знаю их по преданиям, я чту их имена. Это обязывает потомков жить, памятуя о чести и достоинстве предшественников…  

Деда своего Айтмата я не застал. Он умер в двадцатом году, а я родился в двадцать восьмом. На окраине аила, у отвода от реки Куркуреу, лежит на откосе старый, осевший в землю мельничный камень. Здесь была мельница деда. Долго они строили ее с братом Биримкулом, надеясь хоть как-то выбиться из нужды. Мельница сгорела в первое же лето. Но, как говорится, нет худа без добра. Пожар разорил деда, и тогда он подался на строительство железной дороги и взял с собой сына – подростка Торекула, моего отца. Это предопределило его дальнейшую судьбу. Отсюда отец попал в город, на учебу. По сей день, проезжая через туннель на станции Маймак, с волнением думаю я о том, что эти скалы прорубали мои отцы, что, сами того не ведая, они пробивали нам путь в большой мир. Мир, который озарился гигантским всполохом Октябрьской революции. Переустройство старого и созидание нового – всё это открывалось впервые перед нашими отцами и матерями, это была история первых поколений, первых лет Советской власти. Это они стояли у истоков грядущего – голые, босые, с сохами на полях, с яростно сжатыми кулаками и непоколебимой решимостью строить новую жизнь.  

И мы идем от них.  

Часто вспоминаю я отца. Торекул Айтматов, секретарь Киргизского обкома партии, отдал свою молодую жизнь за дело революции. Таким я запомнил его – молодым, энергичным, целеустремленным. Теперь я намного старше отца, по возрасту теперь он годится мне в сыновья.  

Мать, Нагима Хамзеевна, в свое время работала в обкоме комсомола, и тут они познакомились с отцом. Именно такой хочется любить ее, когда они были вместе и когда они были молодыми. Глинобитное строение – дом отцовской сестры Карагыз сохранился до последнего времени. В нем уже давно никто не живет, но когда-то мы жили здесь с матерью, нас у нее было четверо. И когда бывало очень трудно, она показывала на вид из нашего неказистого дома: «Вон, посмотрите, какие горы у нас! Это же наши горы!»  

По-человечески мне иногда бывает грустно, что я не могу со всей полнотой дать почувствовать своим детям, ценой каких усилий мы пришли к тому, что есть современная жизнь советских людей. Я очень надеюсь, что нынешние молодые не обманутся благополучием, не остановятся на достигнутом старшими, ибо блага делают человека счастливым лишь тогда, когда человек употребляет их для возвышения духа, для совершенства знаний и культуры в себе с тем, чтобы в свою очередь попытаться улучшить жизнь, то есть привнести свою лепту в эту извечную, нескончаемую потребность людей.  

А это всегда начинается с самого себя, с тех требований, которые предъявишь ты себе перед лицом настоящего и будущего.

Отрывок из статьи «Объяснение в любви». («Пионерская правда», 19 декабря 1978 г.)