«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

Мурат Исаев 7 ата жөнүндө

Саламатсыңарбы ушул китепти биринчи жолу колуна кармап отурган биздин урпактарыбыз. Бул китеп XXI кылымда жашоочу муундарыбызга арналды.

Мурат Исаев (1936-2005)

 

Жети ата. 

Ассалом алейкум урматтуу ага-тууган!

 Саламатсыңарбы, ушул китепти биринчи жолу колуна кармап отурган биздин урпактарыбыз. Бул китеп XXI кылымда жашоочу муундарыбызга арналды. Алар бул китепти толуктап, сактап кошумчаларын кошуп, XXII кылымда жашай турган урпактарга калтырат го деген ойдобуз. 

Ал эми алар бул китепти андан кийинки жаңы муундар үчүн да сактап койушаар.

 Турмуштук көйгөйлүү маселелерди чечүүдө, айрыкча мындан аркы жашоонун жол-жоболорун аныктоодо кимдин эле болсо да, ал тургай бүтүндөй бир элдин да турмушунда кыйын мезгилдер болбой койбойт. Ошондой турмуш оорчулугу келген учурда эмне кылуу керек? Турмуш жолун татыктуу улап кетүү үчүн күч-кубатты, баарыдан да акыл-насаатты кайдан алуу керек? Ата-бабаларыбыз азыркы урпактарына келечек тууру катары Кыргыз жерин арнап, өткөн тарыхы катары басып өткөн жолун калтырды. Келечек тагдырыбызды чечүүдө биз ошолордун турмуштук бай тажрыйбасына таянып, тунук акыл-насаатарын дайыма пайдаланып келебиз.

Бүгүн, XXI кылымдын босогосун аттап, келечектин белгисиз татаал жолдору менен биз жоготуулар менен катары чоң табылгаларга да, кубаныч менен кайгыга да дуушар болушубуз мүмкүн. Ошондуктан биз жана биздин келечектеги урпактар бактылуу боло алабы? Же биз туура эмес жолго түшүп, кетирген катачылыгыбыз үчүн аларды ондогон же жүздөгөн жылдар бою кирептер кылабызбы? Мунун баары биздин тандаган жолубузга гана байланыштуу.

Азыркы муундун жашоо тиричилигиндеги жетишкендиктери үчүн биз ата-бабаларыбызга, алардын салт катары бизге берилген турмуштук тажрыйбаларына терең ыраазыбыз. Бул элдик салттар жүз жылдап сакталып келсе да эч качан сенек болуп өнүкпөй бир орунда тура берген эмес. Алар дайыма жаңы турмуштук жагдайларга ыңгайлаша өнүгүп-өзгөрө берген. Себеби: ар бир элдин башкы максаты - улам кийинки муундарынын келечеги үчүн кам көрүү болгон. Эгерде бүгүнкү күндө биз өткөндөгү айрым салттарды калпыс, туура эмес, ал тургай аларды турмуштук каражат салт катары эсептеген күндө да, аларды кайсы мезгилде, кандай жагдайда пайда болгонун эстен чыгарбай, азыркы талапка жараша өзгөртүп туруу зарыл. Кыргыз элиндеги көптөгөн жакшы-гумандуу салттардын (ашар, меймандостук, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо ж.б.) ичинде кыргызды кыргыз кылган - «жети атасын» билүү салты, турмушта өзгөчө орунду ээлейт. «Жети атасын» биле жүрүү салтында дүйнөгө болгон көз караш, ой жүгүртүү, турмуш-тиричилик өткөрүү ыкмалары өңдүү турмуштук эң зарыл жагдайлар камтылган.

Турмуштук зарылчылыкка (жайыт которуштуруу ж.б.) же согуштук жагдайларга (мисалы, 1916-жылдагы Үркүн ж.б.) ж.б. байланыштуу көчмөн эл узак аралыкка жер которуштуруп оошуп кетүүгө аргасыз болушкан. Натыйжада элдин бири-биринен туугандык байланышы үзүлүп калган учурлар көп болгон. Бул айрым учурда ата-тегин билбей калышына себеп болгон. Ата-тегин билүү көчмөн элди, анын ичинде кыргыздарды кайрадан урук-тууганына кошулууга түрткү берген. «Жети атасын» таануу урук-тууганынан алыс жүргөн адамдын өзүнчө бир паспорту же анын ким же кайдан экендигин күбөлөндүргөн күбөлүк катары роль аткарат. Бейтааныш адамдын ата-теги жөнүндө толук, ачык-айкын айтып беришинен улам анын ким экендигин кандай ой-максаты бар экендигин, туугандык жактан алыс-жакындыгын билишкен. Өткөн мезгилде, эгерде жети эмес үч эле атасын билбегендерди кул деп эсептешкен.

Уул үйлөнтүп, кыз берүүдө да биздин ата-бабалар «жети ата» салтын колдонуп туугандарын ынтымактуу жана сак-саламатта болушуна кам көрүшкөн. Бир уруктун ичинде кыз берип, келин алууга жол беришкен эмес. Анткени жакын туугандардын ичинде куда күтүп, никеге туруу келечекки тукумдун ден-соолукта болуп, нормалдуу өсүшүнө кедерги болорун билишкен.

Эмне себептен бүгүнкү күндө биз «жети ата» салтыбызды кайрадан эстеп, аны жалпы эл журтубуздун эсине салып отурабыз? Эмне үчүн мындан 5-10 жыл илгери айрымдарыбыз жети атабызды начар билчү элек же такыр эстен чыгарып койгон элек? Бул ата салтына, өз тарыхыбызга кайдыгер мамилебиз го деп ойлойбуз.

Бүгүн биз ата-бабаларыбыздын ыйык «жети ата» салтын калыбына келтирип, аны ыйык туталы.

Урматтуу биздин келечектеги урпактарыбыз! Бул китептен кимдин ысмын окусаңар, ал силердин сыймыгыңар, тарыхыңар. Бул дүйнөгө бири келет, бири кетет. Аларды улам жаңыртып, тактап толуктап туруу силердин милдет!

                                                                                                                                   Бишкек, 2000-жыл.