«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

Менин айылым Көл-Төр. Жаңы ой-пикир

zhanchu

Көл-Төр айылынын кыскача тарыхы. Алгачкы Көл-Төр шаар чалдыбары. Азыркы Көл-Төр айылынан 1 км чыгышта. Конуш планда төрт бурчтуу, дубалдын узундугу 70 метр жана бийиктиги 1-1,8 метр. Ички аянтта курулуштун калдыктары байкалбайт. Маданий катмары анчейин калың эмес. Казып алган материалдар 10-12 кылымдардагы керамика менен берилген. Көл-Төр шаар чалдыбарынын айрым жерлерин азыркы учурдагы мүрзөлөр ээлейт. Ушундай конуштар 10-12 кылымдарда кеңири таралган. Улуу Жибек жолунун айрылышындагы убактылуу сепилдин милдетин, кыязы кербен-сарайдын ролун аткарган. Көл-Төр  шаар чалдыбары канаттанаарлык, көрүстөндүн кол тийбестиги менен корголгон. 1926-1928-жылдары элди Коңур-Өлөң айылы турган жерге көчүрөбүз деген айыл аксакалдары чогулуп,ошол жерге кирпич куюп, эки бөлмөдөн там салышыптыр. Эски мектептин чыгыш тарабында азыр Токтоев Кудис турган көчөдө  салган тамдардын нуктары турат. Азыр анын ордуна көп тамдар салынды. Көл-Төрдүн аксакалдары сүйлөшүшөт. Көчүп барганда малыбыз кайда болот, отунду кайдан алабыз, ошол мезгилде Солон уулу Сарала атабыз айтат. Сунуш кылып Кара-Көлдүн жээгине куралык, себеби кышында малыбыз саздан оттойт, сууну Кара-Көлдөн ичебиз, отунду саздан чымкөң чаап алабыз, мүмкүнчүлүгү барлар тоого сарайларга барышат. Жыйынга катышуучулардын демилгеси менен атын эмне коёбуз деп жыйында Корумду, Аңги-Сай жана башка коп аттарды талкуулап, аягында болжол менен 1928-1929-жылдары Көл-Төр айыл катары отурукташа баштаган.