«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

б.з.ч. III кылым Жаңы ой-пикир

admin

б.з.ч. III кылым - Тянь-Шань тоолорунун чыгыш тарабында Кыргыз мамлекети болгон.

Кытайдагы падышалыктардын ортосунда эки жүз жылдан ашык убакытка созулган согуштар Цинь мамлекетинин жеңиши менен аяктаган. Ал мамлекетти Ин Чжэн башкарган. Ал кезде айрым падышалыктардын аскерлеринин саны жарым миллионго чейин жеткен. Ушундан эле ал согуштардын канчалык чоң болгонун билүүгө болот. Б.з.ч. 221-жылы Ин Чжэн алгачкы жолу кытай жерлеринин дээрлик баарын бириктирип, борборлоштурулган мамлекет түзгөн. Ал өзүнө Цинь Шихуан-ди деген ысымды ыйгарган. Бул «Цинь династиясынын биринчи императору» дегенди билдирет. Тарыхта ал ушул ат менен белгилүү болуп калган.

Цинь Шихуан-ди жүз миңдеген адамдардын эмгегин пайдаланып, Улуу Кытай дубалын курдурган. Ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарында сарайларды, каналдарды жана жолдорду салдырган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында түбөлүк жашоонун сырын табууга аракет кылып, өлбөстүктүн эликсирин издеген. Бирок өлүмдөн качып кутула албасын түшүнүп, өзүнө чоң күмбөз курдура баштаган. Анын айланасы болжол менен 6 чакырымды түзгөн. Күмбөздүн ичине императорду тиги дүйнөдө коштоп жүрсүн деп миңдеген чоподон жасалган жоокерлер коюлган.

Цинь Шихуан-ди б.з.ч. 210-жылы каза болгондон кийин анын империясы дагы бир нече жыл гана жашаган. Андан соң дыйкандардын көтөрүлүштөрүнүн натыйжасында кулап түшкөн. Б.з.ч. 206-жылы көтөрүлүштү жетектеген Лю Бан жаңы башкаруучу болуп, Хань мамлекетин негиздеген. Бул мамлекет төрт жүз жылдан ашык убакыт жашаган. Хань династиясынын доорунан тартып, Кытайдагы негизги эл хань эли деген ат менен белгилүү болуп калган.

Продолжающая больше 200 лет война китайских царств, завершилась победой государства Цинь, которым правил Ин Чжэн. О грандиозности этих войн можно судить по численности армий, так у некоторых царств они доходили до полумиллиона. В Европе такое войско могли собрать только через 2000 лет. Ин Чжэну в 221 г до н. э. удалось впервые объединить почти все китайские земли и создать централизованное государство. Он присвоил себе имя  Цинь Шихуан-ди, что значит «Первый император Цинь». Под этим именем он и вошел в историю. Используя тяжелый труд сотен тысяч людей, Цинь Шихуан-ди воздвиг Великую Китайскую стену, дворцы, каналы и множество дорог по всей стране. Весь остаток своей жизни он искал эликсир бессмертия, но, все же предчувствуя смерть, еще при жизни начал готовить себе гробницу. Ее периметр был равен около 6 км, в которой находилось огромное войско, сделанное из глины, для сопровождения императора в загробный мир.

После смерти Цинь Шихуан-ди в 210 г до н. э., просуществовав еще несколько лет, его империя рухнула в результате крестьянских восстаний. Руководитель крестьян Лю Бан становится в 206 г до н. э. новым правителем и создает новое государство Хань, которое просуществует более 400 лет. Китайцы после этого станут сами себя называть хань.

б.з.ч. III кылым б.з.ч. III кылым