«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

б.з.ч. III кылым Жаңы ой-пикир

admin

б.з.ч. III кылым - Тянь-Шань тоолорунун чыгыш тарабында Кыргыз мамлекети болгон.

Б.з.ч. 323-жылы 33 жаштагы Александр Македонский (Чыгыш элдерине Искендер Эки Мүйүздүү деген ат менен белгилүү) көз жумгандан кийин, анын аскер башчылары такты талашып, жыйырма жылдан ашуун убакыт бири-бири менен согушкан. Натыйжада Александрдын империясы ыдырап кеткен. Анын ордунда тарыхта Эллинисттик мамлекеттер деп аталган бир нече мамлекеттер түзүлгөн. Бул мамлекеттер азыркы Грециядан тартып Борбордук Азияга чейинки кеңири аймактарды ээлеген. Б.з.ч. III кылымда алар өз ара согуштарды жүргүзүп, бирде аймактарын кеңейтип, бирде майда мамлекеттерге бөлүнүп кетип турушкан.

После смерти 33 летнего Александра Македонского (323 г до н.э.) его военачальники более двадцати лет боролись между собой за трон. Это привело к развалу империи Александра. На ее месте возникло несколько государств, получившее в истории название Эллинистические государства. Они находились на территории таких современных государств, как Греция, Египет, Израиль, Ливан, Палестина, Сирия, Турция, Ирак, Иран, Афганистан, Пакистан, Таджикистан, Узбекистан, Туркмения. Весь III век до н.э. эти государства продалжали вести войны между собой, то увиличивая свои территории, то распадаясь еще на более мелкие государства.

б.з.ч. III кылым