Кыргыз Республикасынын Ыссык-Көл облусунун Туп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ичке-Суу айылы Бишкектен шаарынан 381 км алыстыкта орун алган, туштугунон Каракол шаарынан 44 км аралыкта орун алып, Туп районунунан 12.5км ыраакта жайгашкан.1985ж бала бакча ачылып 1990-ж чейин гана иштеген.1955-ж 3 айылды камсыз кыла турган ГЭС курулуп, ишке берилген. ГЭС ССРдин таралышы менен 1985-ж иштебей калган. Айылыда 1 мектеп, 1 клуб, 2 мечит, 1 ФАП, 1 айылдык китепкана бар. 2012-жылдагы каттоонун негизинде, Ичке-Суу аймагынын тургундарынын жалпы саны 1200 адамга жеткен, айылдык соттун составында 6 аксакалдар элдин соттук иштерин көзөмөлдөп жөнгө салып турса, ал эми айылдык депутаттын саны 3 адамдан турат.2014-ж азыркы убакта айылда 280 түтүн бар.
Айылдын түзүлгөн жылы 1922-жылга барып такалат, айылындагы мектептин аталышы Зууракан Батырбаева 27 . Бул орто мектепте 22 мугалим эмгектенсе, ал эми мектепте жалпысынан 283 окуучу билим алат.
Ичке-Суу айылынын тарыхы
Чыгышынан Талды-Суу айылы менен, туштугунон Бирлик айылы менен, тундугунон казахстан тоолору менен, батышынан Шаты айылы менен чектешет. Ичке-Суу айлынын туптолушу 1922-жылдарга туура келет 1922-жылы Орто-Өрүкту деген айылдан адамдар келишип отурукташып калган. 1929-ж колективизация орногон. 1922-1929-ж чейин НЭП болгон, 1930-ж Эрктуу колхозу аталган. Эрктуу колхозунун 1-башкармасы Итибаев Усуп, андан кийин Тайлаков Рамандар иштешкен. 1933-ж НТС тен тракторлор келе баштаган. 1941-ж чейин район боюнча 1-2- орунду элеген чарба болгон. 1941-1945-жж чейин согушка 66 киши кетип 32 адам кайрылып келген эмес.Алгачкы мектеп 1957-58-жж салынып биринчи деректор Турдумамбетов Муса болуп, Аламанов Беке, Садыканов Шераалы, Урумбаев Мокей, Тургунбаев Муса аттуу адамдар иштешкен. 1973-ж айылга мончо курулган. 1955-ж Сары-Дободогу Сталин колхозу, Мин-Булак колхозу жана Эрктуу колкозу болуп айылдын башына ГЭС курушкан. ГЭСти Аблабеков Элмуканбет иштетип, ГЭС 3 колхозду жарык менен камсыз кылып 6 жыл гана иштеген. 1979-ж реформага ылайык совхоз жоюлуп анын ордуна жеке дыйкан чарба уюштурулду. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ичке-Суу айылынын жалпы жер аянты 752га барабар, 338га сугат жер, аянты 3231га жайыты, 30га чабыш жери бар. 1985-ж бала-бакча ачылып 1990-ж союздун тарашы менен иштебей калган.
1949-жылдары Улуу акын Алыкул Осмонов Ичке –Суу айылына келип, айылдын жашоо шарты менен таанышып, айыл тургундагы менен баарлашып, ал жактын жаратылышына суктанып, адамдарынын кең пейил, мейман дос экенин айтып бул ыр саптарын жазып кеткен .
Ичке-Суу
Ай күмүш суу,ай тунук суу Ичке-Суу,
Жаштык сүйүү кумарына ичме суу.
Он бештеги кыздар таккан чачбактай,
Заманыңа жарашыгың укмуштуу.
Сен өмүрдун кол жоолугу гүлүсүн
Көктөгу айдын жасануучу күзгүсүн
Буудуй,арпа ыссык койнун аралап
Аккан үнүң боз балдардын күлкүсү.
Келдим,кеттим мейман болдум беш кундук
Жан кыйышпас дос болуштук өмүрлүк.
Жаңы тамдуу, кашкар талдуу колхозун,
Кайда жүрсом бир боорумдай көрунуп.
Ишенбайлар, Адыбайлар дагылар,
Жумадилдер баардыгы эстүү адамдар.
Жаш көчөөгө биринчи тал тигишти,
Алтын жерге биринчи арык салгандар.
Силер берген кызыл кымыз, кантуу чай,
Мынча ширин, мынча балдай таттуусу ай.
Колун тартты уулангандай сары оору
Аңдып жургөн мени кыйып салчудай.
Колхоздун бай, байлыгындай берекең
Мындагы элдер башкача бир эл экен
Пейли менен мени кайра тирилтти
Алым куруп,чыгар кезде керектен
Кайра барам да бир жылы өлбөсөм
Мени оору эмес, ооруну мен көмбөсөм
Зуулдап учкан улуу заман милдетин
Калкым учун каным менен төлөшөм
Ай күмүш суу,ай тунук суу Ичке-Суу
Жаштык сүйүү кумарына ичме суу
Он бештеги кыздар таккан чачбактай
Заманыңа жарашыгың укмуштуу.
Тоолордун жана суулардын аттары
Айылдын чыга беришинен баштаганда Кичи-Арпатектир, Жалгыз-Карагай, Бүркүт-Уя, Орус-өлчу, Дүмүрдү, Кудукту, Сары-Жылга, Көлмө, Ири-Жылга, Мазар-Таш, Ат-Кулак, Арпатектир, Кара-Арча, Кургак-Төр, Жаак-Таш, Кара-Кыя Казахстан менен чектешкен акыркы тоонун аталышы Эки-Ача. Эки-Ачадан агып тушкөн жалгыз Ичке-Суу жолдо карата майда булактар менен толукталып айылдын беш көчөсүнө бөлүнүп агып,атайын казылган коналдар аркылуу жолдон эки тосмого токтотуп, Байлоолордо балык багылат Ичке-Суу андан ары Туп суусуна барып куят .
Дини
Айылдын баардык тургундары негизинен мусулман динин кармашат, жумасына жума намаз окулуп айыл тургундары мечитке каалаган маалында барып турушат. Айылда башка улуттун окулдору жокко эсе, азыркы күндо айыл тургундары ынтымакта күн кечиришудо.
Корутунду
Кыргыз Республикасынын Ыссык-Кол областынын Туп районундагы Ичке-Суу айылынын кыскача тарыхын колдон келишинче изилдеп, иш аракетимди жыйынтыктап жазып отурам. Канчалык изденсем дагы айлыбыздын тарыхын билген ардактуу аксакал аталарыбыз, ак элечек энелерибиздин өтүп кеткенине байланыштуу жана алар тирүүсундо алардан эч ким Ичке-Суу айылынын тарыхын толук жазып калбаганынан улам, айылдын тарыхын кенен бере алган жокмун.Ошентсе дагы айрым адамдардын билишинче маалымат топтогонго аракет кылдым.Бул маалыматтарды табууда атам Үсөнтур энем Галя агам Эдил жана мектеп мугалими Гулай(Чынар) эжейдин салымы чон. Терең ыразычылыгымды билдирүү менен Кулжабаев Элдос Үсөнтурович.
План
Кириш сөз
1) Ичке-Суу айылынын тарыхы
2) Тоолордун жана суулардын аттары
3) Картасы
4) Дини