«Ата-бабаларыбыздын атын, кылган ишин,
чапкан жолун сактоо - биздин ыйык милдетибиз»

Тосор айылынын таржымалы Жаңы ой-пикир

janektegin

Тосор деген аттын пайда болушу "Эр Табылды" эпосунда жазылган. Кыскача айта кетсек Тосор айылы турган жер мурда "Ак-Чий" деп аталчу экен, ошол убакта калың ак-чийди аралап кирип кеткен төөлөр көрүнбөй калчу деген уламыш бар. Эпосто Эр Табылды Чалкалмактын жылкысын Жууку боюнан тийип азыркы Тамга айылынын тушуна келгенде жылкыларга өзүнүн эн тамгасын басат. Артынан сая түшкөн Чалкалмактын жоокерлерин Ак-Чийге келгенде, жылкыларын астыга айдатып ийип, тосуп талкалаган. Ошол салгылаштан кийин Тосор аталып калган жердин оордуна Желдеңдин бир баласы Муратжандын урпактары байыр алышып отурукташып калган экен.