Издөө
rnazar
-
Колдонуучунун аты: Мухамедназар
-
Атасы: Эрназар
Раманкулов Эрназар 1922-жылы 1-майда Ош областынын Өзгөн районундагы Красный Маяк айылында туулган. 1932-жылы Жылалды айылындагы мектепке окууга барып, анда 4-класска чейин окуган. 1936-жылы Жалалабат шаарындагы колхозчу-жаштар мектебине (ШКМ – школа крестьянской молодежи) 5-класстан окуусун улантууга барган. 1938-1941-жылдары Жалалабат педагогикалык окуу жайында окуп, андан кийин шаарга жакын жайгашкан Сузак районуна караштуу Ырыс айылындагы мектепте эки ай мугалимдик кызматта эмгектенген жана ошол эле жылы күзүндө (ноябрь айында) Улуу Ата Мекедик согушка кеткен. Украина, Белоруссия фронтторунда, Польшада немецтик баскынчыларга каршы согуштук аракеттерге сапер, кийинчерээк артиллериялык полкто наводчик катары катышкан. 1945-жылы 27-январда бутунан майып болуп, госпиталга жөнөтүлгөн. 1946-жылы туулган жерине кайтып келген. Согуштан келгенден эки айдан кийин Ош шаарында бухгалтерлерди даярдоочу 6 айлык курстан окуп келип, Өзгөн районундагы «Кыймыл», «Кызыл Октябрь», «Путь к коммунизму» жана Карл Маркс атындагы колхоздордо, 1963-жылдан «Өзгөн» совхозунда бухгалтер болуп эмгектенген. Анын дээрлик көпчүлүк мезгилинде башкы бухгалтерлик милдетти аткарган. 1973-1975-жылдарда Өзгөн районундагы Төрткөл айылдык кеңешинде эсепчи жана жооптуу катчы болуп эмгектенген. 1977-жылы ардактуу эс алууга - пенсияга чыкканга чейинки аралыкта «Өзгөн» совхозунун бөлүмдөрүндө эсепчи болуп иштеген. Согуш майданындагы эрдиктери, согуштан кийинки мезгилдеги үзүрлүү эмгектери үчүн «Кызыл Жылдыз» жана «Ата Мекендик согуштун 1-2-даражадагы» ордендери, «За отвагу», Жуков атындагы, СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн бардык юбилейлик медалдары, «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы» медалы, «Отличник артиллерист», «Гвардеец» төш белгилери менен сыйланган.
-
Чоң атасы: Раманкул
1876-жылы туулган. Өзгөн райондук аткаруу комитетинин катчысы. Орус тилин билген, арабча окуп, жаза билген, өз мезгилинин сабаттуу адамдарынан болгон. Шоро-Башат айылынын кадырлуу адамы катары белгилүү.
-
Бабасы: Сулайманкул
Көк-Арт тарапта Чыйбыл болуштун зекетчиси. Ат ойнотуп, мезгилинде аябай шамдагай жигит болгон деп айтышчу аталарыбыз.
-
Жотосу: Доскул
Кашкар мергендин беш уулунун (Мааткул, Үмөткул, Доскул, Осмон, Ысман) бири бала мезгилинде колун сындырып алып, айыкпай оорусу ырбап кетет. Алардын энеси кайраттуу аял болгон экен. Уулунун ооруган колун балта менен баталгага коюп чаап таштап, казандагы кайнап турган майга салып, айыктырат. Эми бул бала эптеп эл катары жан багып кетсин, - деп молдого окууга берет, бир туугандарынан бирин дааратка жардамчылыкка кошот. Ошентип улам бири жардамчылыкка барып, уланып олтуруп, беш бир туугандардын баары молдо болуп "Беш молдо" деген наамга ээ болушат.
-
Кубаары: Кашкар мерген
-
Жетеси: Тегешен
-
Теги: Айтемир

